15:25, 11 января 2024, 24.kg

Социалдык тармакта провокациялык материалдарды жарыялаган жаран кармалды

УКМК Facebook социалдык тармагына провокациялык материалдарды жарыялаган К.К. аттуу жарандын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, К.К. аттуу жаран Facebook социалдык түйүнүндө мыйзамда кылмыш иши катары саналган региондорго таандык белгилери боюнча жарандардын өзгөчөлүгүн пропагандалоого багытталган тенденциялуу, провокациялык материалдарды жарыялаган.

«2024-жылдын 9-январында анын үйүндө тинтүү жүрүп, Кыргызстанда аймактар аралык тынчтыкка жана ынтымакка каршы кылмыш жасоого колдонулган буюм далили катары уюлдук телефон табылып алынган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18