12:40, 11 января 2024, 24.kg

Бишкектеги дагы эки көчө бир тараптуу болот

13-январдан баштап Бишкектеги эки көчө бир тараптуу болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда тиешелүү жол белгилери орнотулууда.

  •  Раззаков көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө);
  • Орозбеков көчөсүндөгү Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки жол тилкеси (түштүктөн түндүккө) бир тараптуу болот.

Эске салсак, 2023-жылдын 27-декабрынан баштап Гоголь көчөсүндөгү жол тилкеси Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө), Сүйүмбаев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейин (түштүктөн түндүккө), ал эми 6-январдан тарта Турусбеков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө), Үмөталиев көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки жол тилкеси (түндүктөн түштүккө) бир тараптуу болгон.

Буга чейин 8 көчөдө бир тараптуу кыймыл уюштурулуп, эки көчө эки тараптуу болору билдирилген. Бардык иштерди 14-январга чейин бүтүрүү пландалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18