11:43, 11 января 2024, 24.kg

Сомалиде БУУнун тик учагы барымтага алынды

Сомалидеги «Аль-Шабаб» куралдуу тобу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) тик учагын барымтага алды. Маалыматтарга караганда, учакта сегиз же тогуз адам болгон. Болжол менен алар радикалдардын барымтасында.

Al Jazeera телеканалынын маалыматына караганда, тик учак Сомалинин борбору Могадишого учуп баратканда техникалык көйгөйлөргө тушуккан. Ал «Аль-Шабаб» көзөмөлдөгөн аймакка конууга мажбур болгон жана жоочулар тарабынан колго түшүрүлгөн. The Washington Рost радикалдар тик учакты өрттөп, экипаж мүчөлөрүн жана жүргүнчүлөрдү туткунга алышканын ырастоодо.

Сомалинин аскерий өкүлү майор Хасан Али учакта эки сомалилик жана бир нече чет элдик жаран болгонун билдирди. Анын айтымында, тик учак куралдуу кагылышуу болуп жаткан аймактардын бирине дары-дармек жеткирип, кайра кайтып келе жатканда жарадарларды алып кетиши керек болчу.

«Аль-Шабаб» — Сомалидеги радикал исламчыл куралдуу топ. Ал аймактагы куралдуу кагылышууларга катышып, расмий бийликке каршы чыгып, өлкөнүн борборундагы жана түштүгүндөгү аймактардын бир бөлүгүн көзөмөлдөйт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18