Эквадордогу башаламандыкта жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок
Эквадордогу башаламандыкта жабыркагандар менен каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигине шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, Эквадордо консулдук каттоодо Кыргызстандын жарандары да жок.
«2024-жылдын 8-январында Эквадордун президенти Даниэль Нобоа бүткүл өлкө боюнча 60 күндүк өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндө жарлык чыгарды, анын ичинде 23:00дөн 5.00гө чейин коменданттык саат киргизилген. Министрлик Эквадордун ичинде саякаттоону жана ушул убакта өлкөгө барбоону сунуштайт», — деп билдирди министрлик.