09:21, 11 января 2024, 24.kg

Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарындагы айрым айылдардын аталышы өзгөртүлөт

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Жогорку Кеңеши тарабынан улуттук идеологияны өнүктүрүү жана чыңдоо, мурда жана азыр кеңири белгилүү болгон географиялык аталыштарды кайра кайтаруу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамда:

  • Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы;
  • Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы;
  • Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын Тынчтык айылы;
  • Дүкүр айылын Достук айылы жана Чек айылын Ынтымак айылы;
  • Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылын Кытай айылы;
  • Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагын Кожояр айыл аймагы;
  • Семеновка айыл аймагынын Семеновка айылын Кожояр-Ата айылы деп өзгөртүп атоо каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18