17:29, 10 января 2024, 24.kg

Интернетте шылуундар президенттин атын жамынып, көп акча табууну убада кылышууда

«Акыркы убакта президент Садыр Жапаровдун атын жамынып социалдык тармакта ар кыл көз боемочулук аракеттерге баргандар чыгууда», — деп билдирди өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов.

Анын айтымында, алар аз каражат салып, кыска убакытта көп акча табуу убадаларын берип, буга мамлекет башчысы өзү кепилдик бергендей түр көрсөтүүдө.

«Президент Садыр Жапаров соцтармак аркылуу эч кандай сынак, же дагы бир пайда табуу иш-аракеттерине эч качан үгүттөбөй тургандыгын билдиребиз жана шылуундардын курмандыгы болуп калбоо үчүн бул сыяктуу жарыяларга ишенбөөгө чакырабыз», — деп жазды ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18