15:21, 10 января 2024, 24.kg

Үч-Коргондо жалпы дарыгерлик практика борборунун имараты курулуп бүттү

Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борборунун балдар жандандыруу, дарылоо жана кеңеш берүү бөлүмдөрү жайгашкан имарат ишке берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2018-жылы башталып, бирок токтоп калган. 2023-жылы республикалык бюджеттен 58 миллион сом бөлүнүп, кайрадан жанданган. Бөлүнгөн каражаттын ичинде эмеректер жана медициналык жабдуулар да каралган.

1 миң 560 чарчы метр имаратта 12 орундуу балдар бөлүмү, 6 орундуу балдардын жандандыруу бөлүмү жана биринчи кабатында дарылоо жана кеңеш берүү бөлүмү (поликлиника) жайгашкан.

Photo 318574

Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борбору 1928-жылы участкалык оорукана болуп түзүлгөн. Учурда 1960-1980-жылдары мектеп-интернат үчүн курулган имаратта жайгашкан. Беш айыл аймактын 65 миң калкын медициналык жактан тейлеген төрөт, хирургия, терапия, балдар, балдар жандандыруу, жугуштуу, реанимация бөлүмдөрү, ошондой эле Марказ жана Кара-Жыгач филиалдарынан, 12 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунан жана 6 ФАПтан турат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18