14:17, 10 января 2024, 24.kg

Бишкектеги үч адамдын өлүмү. Апелляциялык арыз боюнча отурум 15-январга жылдырды

Бишкек шаардык соту Чынтемир Аширалиевге байланыштуу отурумду 15-январга жылдырды. Ал борбор калаанын 5-кичи районунда үч адамды өлтүргөн деп айыпталууда.

Бүгүн шаардык сот айыпталуучунун апелляциялык арызын карап, ал көрсөтмө берди. Бөлүнгөн убакыттын аякташына байланыштуу отурум кийинкиге жылдырылды.

Эске салсак, Бишкектин Октябрь райондук соту Чынтемир Аширалиевди күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыраткан.

Сот аны жабырлануучу тараптын пайдасына 671,5 миң сом жана моралдык зыян катары 3 миллион сом төлөп берүүнү милдеттендирген. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18