12:13, 10 января 2024, 24.kg

Кумтөрдүн жумушчуларына мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу укугун берүү сунушталды

Депутат Арсланбек Малиев Кумтөр алтын кенинин кызматкерлерине мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу укугун берүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Маалымкат-негиздемеде белгиленгендей, учурда Кыргызстандын мыйзамдарында зыяндуу жана оор эмгек шарттары бар өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтардын жана көрсөткүчтөрдүн тизмелери каралган жана аларда иштөө жаш курагы боюнча жеңилдетилген шартта пенсияга чыгуу укугун берет.

Бирок Кумтөрдө деңиз деңгээлинен 3 миң 600 метр жогору бийиктикте иштегендерге мөөнөтүнөн мурда жеңилдетилген пенсияга чыгуу укугу берилген эмес.

Автордун пикири боюнча, ар кандай регламенттөөчү жана реабилитациялык иш-чараларга карабастан бийик тоо, биоклиматтык ыңгайсыздык факторлорунун, мезгилдүү тоо миграцияларынын адам ден соолугуна тийгизген таасирлери терс болуп саналат жана бул толук компенсацияланбайт жана/же четтетилбейт.

«Ушуга байланыштуу бийик тоолуу шарттарда иштеген адамдарга ар кыл социалдык жеңилдиктер жана компенсациялар, анын ичинде мөөнөтүнөн мурда жеңилдетилген пенсияга чыгуу укугу керек», — деп жазылат мыйзам долбоорунда.

Бүгүнкү күндө Эмгек кодексинде мөөнөтүнөн мурда жеңилдетилген пенсияга чыгууда кызматкерлерге ишин улантууну же эмгек келишимин бузууну тандоо тууралуу ченемдер каралган эмес. Сунушталган өзгөртүүлөр кызматкерлерге ишин улантууну же мөөнөтүнөн мурда жеңилдетилген пенсияга чыгууну тандоо укугун берет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18