11:36, 10 января 2024, 24.kg

Индиянын Ришикеш шаарындагы мейманканадан кыргызстандык келиндин сөөгү табылды

32 жаштагы кыргызстандык турист Индиянын Ришикеш шаарындагы мейманкананын бөлмөсүнөн асынып турган абалда табылды. Бул тууралуу The Times of India басылмасы билдирди.

Полициянын маалыматына караганда, келин кондиционердин зымына асынып алган.

Маалыматка ылайык, А.К. 12-декабрда Сатья Садхана Санстхан ашрамында медитация программасынан өтүү үчүн чет элдик туристтердин тобу менен Ришикешке келген.

Курс аяктагандан кийин ал 2-январда Holiday Home отелинде калган. Келин 3-январда жоголгон. Кийинчерээк анын сөөгү Raj Resort мейманканасынын бөлмөсүнөн табылган.

«Биз анын курбусунун кайрылуусунун негизинде жоголгондугу тууралуу арызды каттадык. Ал ортодо мейманкананын ээси аял бөлмөдө асынып турган жеринен табылганын айтты. Сөөктү экспертизага жөнөтүштү, биз тергөө иштерин баштадык», — деди полициянын улук инспектору Ритеш Саха.

Келиндин курбусу ал үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам тынчсызданып жүргөнүн айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18