10:26, 10 января 2024, 24.kg

Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин мыйзамдаштырууга шектүү жаран кармалды

Камчыбек Асанбектин (Көлбаевдин) кылмыштуу кирешелерин мыйзамдаштырууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 8-январында Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесине ылайык (кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) В.Р.Г. аттуу жараны кармалды.

«Аталган В.Р.Г. Камчыбек Асанбектин кылмыштуу аракеттерин билип, 2016-жылдан бери кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын мыйзамдуу деп көрсөтүү менен алектенип, ошондой эле Камчыбек Асанбекке таандык болгон төмөнкү ири объектилердин курулушуна биргелешип катышкан: «Березка» мончо комплекси, «Барс» эс алуу борбору, «Каганат Резорт» эс алуу борбору, Чолпон-Ата шаарындагы «Ордо» соода борбору, ошондой эле «Сейил» шаарчасындагы коттедждер», — деп белгиледи УКМК.

Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан Камчыбек Көлбаевге тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18