10:10, 10 января 2024, 24.kg

Президент ишкерлерди негизсиз текшерүүлөр тууралуу билдирүүгө чакырды

Президент чакан жана орто бизнес өкүлдөрүн негизсиз текшерүүлөр тууралуу билдирүүгө чакырды. Бул тууралуу Садыр Жапаров Facebook баракчасына жазып чыкты.

Ал ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу боюнча жарлыкка кол койгонун белгиледи.

«Жарлыкка ылайык ушул жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъектерди, бизнес-чөйрөнү мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү иштери болбойт (кылмыш иши козголгон ишканалардан сырткары). Бул чара бизнес чөйрөсүнүн экономикалык иштерин турукташтыруу жана бизнес чөйрөсүн мамлекет тараптан колдоо максатында болуп жаткан айла. Кызмат адамдары негизсиз, экономикалык кылмышы аныкталбай туруп эле (жасалма, уюштурма арыздар менен) ишкерлерге текшерүүгө келген болсо, президенттин администрациясы аркылуу мага кайрылсаңыздар болот. Сөзсүз чара көрөбүз», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18