18:10, 09 января 2024, 24.kg

Жалал-Абадда метан менен жүргөн автобустар кайрадан иштей баштады

Жалал-Абадда 9-январдан тарта метандын жоктугунан улам ишин токтоткон автобустар кайра каттамга чыкты. Бул тууралуу 24.kg сайтына мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Жалал-Абадга газ менен жүргөн 50 жаңы автобус берген. Кийинчерээк белгилүү болгондой, газ куюучу станцияларынын жоктугунан улам аны Өзбекстандан толтурууга туура келген. 2023-жылдын 20-декабрынан тартып алар иштебей калган.

«Былтыр декабрь айында күн суук болгондо, Өзбекстандын өзүндө газ тартыш болуп, Жалал-Абаддагы автобустарга метан газын бербей калган. Учурда абал турукташып, 20 автобус каттамга чыгып, иштеп жатат. Алар метан газы менен жүргөндүктөн Өзбекстанга кирип, толтуруп чыгып жатышат. Бирок бул убактылуу», — деп билдиришти мекемеден.

Мэрия өзбекстандык инвесторлор менен сүйлөшүлүп, Сузак районунун аймагына газ куюучу станциянын курулушу башталганын, иштердин 70 пайызы бүткөнүн кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18