17:32, 09 января 2024, 24.kg

Кыргызстандыктар Венгриянын ЖОЖдоруна 15-январга чейин документ тапшыра алат

Венгриянын жогорку окуу жайларына конкурстук тандоого катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 15-январга чейин уланат. Маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Ага ылайык, Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Program стипендиялык программасынын алкагында Кыргызстандын жарандарына жогорку окуу жайларда билим алууга гранттарды берет. Окутуу венгр же англис тилинде жүргүзүлүп, бакалавриат, бир деңгээлдүү магистрдик программа (бакалавриат+магистратура), магистратура жана докторантурага тапшырууга болот.

Катышуу үчүн 15-январь саат 14:00 гө чейин (Борбордук Европа убактысы боюнча) программанын онлайн системасына билдирме жөнөтүп, андан соң кыргыз тараптын онлайн системасына да саат 18:00гө чейин документтерин тиркеп, техникалык текшерүүдөн өтүүсү керек.

Программа жөнүндө маалыматыт сайттан тапса болот.

Стипендиялык программага катышуу боюнча маалыматты иш күндөрү күн сайын саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 625082, 621519, 620497 номерлери аркылуу алса болот. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду 14-январга чейин stipendium.hungaricumkg@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсө болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18