13:04, 09 января 2024, 24.kg

Ырыс Жекшеналиевдин иши. Прокуратура соттун чечимине каршы арыз берди

Прокуратура Биринчи Май райондук сотунун Ырыс Жекшеналиевди актаган чечимине каршы арыз берди. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Ал иш 1,5 жылга созулганын белгиледи. «Анда прокуратура жети жылга кесүүнү суранган, эми ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү өтүнүп жатат», — деди ал.

Эске салсак, Facebook социалдык тармагындагы «ПолитУзник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөө жана массалык баш аламандыкка чакыруу боюнча айып тагылган. 2022-жылдын 14-августунда аны ИИМдин тергөө кызматына алып келишип, андан кийин ал Бишкектеги № 1 тергөө абагына киргизилген. Эки айдан кийин блогер үй камагына чыгарылган.

Ырыс Жекшеналиев ага тагылган айыптарды четке каккан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18