10:34, 09 января 2024, 24.kg

Нарында ажатканадан адамдын сөөгү табылып, шектүү катары баласы кармалды

Нарында ажатканадан адамдын жансыз денеси табылды. Кылмышка шектүү катары баласы кармалганын облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, милициянын нөөмөт бөлүмүнө үйдүн короосунда жайгашкан ажатканадан белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя жерине барган ыкчам тергөө топ сөөктү алып чыгуу үчүн ӨКМдин куткаруучуларын чакырган.

Маркумдун өздүгү аныкталды. Ал 1970-жылы туулган жергиликтүү тургун болгон.

Мекеменин маалыматына ылайык, 11-ноябрь күнү ал үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып, аялы арыз менен кайрылган. Издөө иштери башталган.

Photo 318476

Кылмыш ишинин алкагында маркумдун 1997-жылы туулган баласы кармалды.

«Ал суракта атасы спирт ичимдигин ичимдигинен улам кызуу абалында болгондугун, өз ара уруша кетип, атасын түртүп жибергенде башынын арткы тарабы менен цементтин кырына тийип, эсин жоготуп койгондугун, ал турбай калганда каза болуп калды деп ойлоп, короосундагы ажатканасына чөктүрүп салгандыгын көрсөткөн», — деп айтылат маалыматта.

Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18