09:46, 09 января 2024, 24.kg

13,3 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө мыйзамдуу түрдө ишке орношкон

13,3 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө мыйзамдуу түрдө ишке орношкон. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлгинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлик кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө коопсуз ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.

«Бүгүнкү күндө Россияда, Улуу Британияда, Түштүк Кореяда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жумушка орношууга болот. Жыл ичинде 13,319 миң адам, анын ичинде 4,4 миң аялдар министрлик аркылуу кепилденген айлык акы жана социалдык пакет менен ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышты. Бардык жарандар алдын ала окуудан өтүштү. Дагы 129 миң адам миграциялык маселелер боюнча кеңештерди алышты», — деп билдирди мекеме.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18