09:19, 09 января 2024, 24.kg

2023-жылы 95-бензин дээрлик 6 сомго кымбаттаган

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына караганда, 2023-жылы Аи-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 5,9 сомго кымбаттаган.

2022-жылдын декабрында анын орточо баасы 65,49 сом болсо, өткөн жылдын декабрында ал 71,39 сомго жеткен. 2023-жылдын декабрында 2022-жылдын ноябрына салыштырмалуу бензиндин бул түрүнүн баасы дээрлик өзгөргөн жок.

Аи-92 маркасындагы бензиндин баасы 3,58 сомго — 60,16 сомдон 63,74 сомго чейин кымбаттады. 2023-жылдын декабрында 92-бензин ноябрга салыштырмалуу 39 тыйынга арзандады.

Дизель майынын баасы тескерисинче, жыл ичинде арзандады — 3,93 сомго. Эгерде 2022-жылдын декабрында солярканын орточо баасы 75,42 сомду түзсө, өткөн жылдын акыркы айында ал 71,49 сомго чейин төмөндөгөн. Ошол эле учурда 2023-жылдын декабрында ноябрга салыштырмалуу дизель 70 тыйынга кымбаттаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18