16:49, 08 января 2024, 24.kg

Оштун мэриясы Райымбек Матраимовдун үйүнүн дарбазасын жана тосмосун бузууда

Ошто мурдагы бажы кызматкери Райымбек Матраимовдун үйүнүн дарбазасын жана тосмосун бузуу башталды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максатбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, тосмо курууда мыйзам бузуулар болгон: Матраимовдун үйүнүн короосунда калган 9 метр жер муниципалдык менчикке карайт.

«2023-жылдын декабрында биз тосмону бузуу жөнүндө эскертүү бергенбиз. Бул социалдык маанидеги объект болгондуктан, прокуратура тарабынан дагы жанында жайгашкан үйлөрдүн аймагын сот аркылуу кароо сунушу түшкөн. Укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барабыз», — деди Максатбек Орозалиев.

Ал бузулган тосмонун узундугу 25 метр экенин кошумчалады.

Photo 318406

Эскерте кетсек, Райымбек Матраимов 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеген. 2020-жылы октябрда бийлик алмашкандан кийин ал бажыдагы коррупция боюнча айыпталган. Райымбек Матраимовдун бир эле кылмыш иши боюнча келтирилген жалпы зыян 2 миллиард сомду түзгөн. Ал эки ай бою төлөп, көпчүлүгүн мүлк — имарат жана батир түрүндө берген. Экс-бажы кызматкери күнөөсүн мойнуна алган. Бишкектин Биринчи май райондук соту ага 260 миң сом айып пул салган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18