15:57, 08 января 2024, 24.kg

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун экинчи туру башталды

Бүгүн, 8-январда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун экинчи туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, абитуриенттерди каттоо 10-январда саат 14.00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталгандардын тизмеси 11-январда саат 9.00гө чейин жарыяланат. Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 13-январь саат 16.00гө чейин тастыктоосу керек.

 Биринчи турда жалпысынан 237 талон катталып, анын ичинен ЖОЖдор 219 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Жыйынтыгында 182 абитуриент окууга болгон каалоосун ырастады.

Абитуриенттерден эң көп талондор Кыргыз улуттук жана Ош мамлекеттик университеттерине, ошондой эле Борбордук Азиядагы Америка университетине, Эл аралык медициналык жана Кыргыз экономикалык университеттерине келип түшкөн.

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу 2023-жылдын 25-декабрында башталып, жалпысынан төрт тур пландаштырылган. Ал жайкы кабыл алуудан кийин бош калган контракттык орундарга гана өткөрүлөт. 35 окуу жай абитуриенттерди кабыл алат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18