14:51, 08 января 2024, 24.kg

Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны азайды

Кыргызстанда 2024-жылдын биринчи жумасында (1-январдан 7-январга чейин) курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун 8 миң 201 учуру катталды. Бул туууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 52-жумасына салыштырмалуу оору 40,2 пайызга азайган.

Ооругандардын көпчүлүгү 14 жашка чейинки балдар.

Ал эми пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19дун 206 миңден ашуун учуру катталган, 2023-жылы 491 учур аныкталды.

Коронавирус оорусуна жума сайын мониторинг жүргүзүлүп, жумасына экиден алтыга чейин учурлар катталып, эпидемиялык абал туруктуу деп бааланууда. COVID-19 оорусу экендигине шек пайда болгон учурда ПЧР-тестке анализ алынат. Лабораториялар иштеп жатат, тест-системалар менен камсыз болушкан.

«Октябрдан тарта бардык саламаттык сактоо уюмдарында беткап тагынуу режими жана карантин киргизилди. Эпидемиялык сезон учурунда калкка беткап тагынуу, антисептиктерди колдонуу сунушталат. Жаш балдарда симптомдор пайда болгон учурда аларды мектеп жана бала бакчаларга жөнөтпөө абзел. Туура медициналык жардам алуу үчүн медициналык мекемеге кайрылуу керек. Оору күчөп кетпеш үчүн өз алдынча дарыланууга болбойт», — деп билдирди мекеме.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18