14:17, 08 января 2024, 24.kg

Сүлүктү шаарындагы шахтада уранды астында калган эки адам куткарылды

Сүлүктү шаарындагы «Южный 3» көмүр кенинде урандынын астында калган эки кен казууучу куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-январда Сүлүктү шаарындагы «Южный 3» шахтасында эки жумушчу урандынын астында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жалпысынан 18 куткаруучу тартылган.

Издеп-куткаруу иши көмүр шахтанын 140 метр тереңдигинде жүргүзүлгөн. Кырсык катталган убакыттан жарым саат өтпөй 1992-жылы туулган И.Х., 1976-жылы төрөлгөн И.М аттуу жарандар куткарылган. Алар тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

Сүлүктүдөгү көмүр шахталарында соңку эки жыл аралыгында 94 куткаруу иштери аткарылып, анын ичинде алты жарандын өмүрүн сактап калышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18