09:20, 08 января 2024, 24.kg

Мамлекеттик дарыканалардагы дары-дармектер үчүн карыз 2 миллион сомду түздү

Мамлекеттик «Эл Аман» дарыканаларындагы дары-дармектер үчүн карыз 2 миллион сомду түздү. Бул жөнүндө 24.kg басылмасына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, 15 күндүн ичинде «фармацевтикалык компаниялардын алдында бир дагы карыз болбойт».

«8-9-январда банктар ачылат. Биз толугу менен төлөп жатабыз, 2 миллион сом калды. Акча бар. Баары ачык-айкын», — деди министр.

Ал кошумчалагандай, республика боюнча 55 мамлекеттик дарыкана ачылды. Дары-дармектердин түрү 800дөн 1,5 миңге чейин көбөйдү.

Белгилей кетсек, интернетте дарыканалар ачылып, бирок фармацевтикалык компаниялар менен эсептешүүгө акча жок деген маалымат пайда болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18