14:38, 29 декабря 2023, 24.kg

УКМК патент төлөмдөрүн мыйзамсыз ыйгарып алган салык кызматкерлерин кармады

Патент төлөмдөрүн мыйзамсыз ыйгарып алган Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин негизинде (Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) козголгон кылмыш ишинин алкагында Базар-Коргон районунун соода-базар комплексинин ишкерлеринин жана соодагерлеринин патенттерине төлөнчү акчаларды салык инспекторлору системалуу түрдө чогултуп, өздөрүнө ыйгарып алып жүргөн туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду.

Соттун санкциясы Базар-Коргон району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы жана райондун соода базарларын көзөмөлдөгөн эки инспектору кармалып, тергөө абагына киргизилди.

«Мамлекеттик бюджетке зыян келтирилип, учурда анын көлөмү такталууда», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18