Майрамдан кийин калкты тейлөө борборлору, паспорт бөлүмдөрү качан иштеп баштайт
1-январдан 7-январга чейин республика боюнча бардык калкты тейлөө борборлору жана паспорт бөлүмдөрү иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
«Азия Молл» соода борборунда (Айтматов проспекти, 3) жана «Глобус» гипермаркетинде (Чүй проспекти, ЖЭБдин маңдайында) жайгашкан кичи калкты тейлөө борборлору 30-декабрда саат 10:00дөн 19:00гө чейин жана 31-декабрда 10:00дөн 18:00гө чейин иштешет.
29-декабрында пилоттук долбоордун алкагында Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсү, 381 дарегиндеги калкты тейлөө борборлору саат 20:00гө чейин иштейт.
Министрлик Бишкек жана Ош шаарларында Early One тиркемеси аркылуу онлайн кезекке жазылса болорун белгиледи.
Республика боюнча 36 ири жана 5 кичи калкты тейлөө борборлору бар.