10:45, 29 декабря 2023, 24.kg

Бишкекте бирөөнүн унаасын үчүнчү жактарга сатып, качып кеткен жаран кармалды

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-октябрда Д.С. аттуу жаран жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылган. Ал 14-августта Г. Б. 30 миң долларлык BMW М3 340 автоунаасын сатып алуу шылтоосу менен ээлеп алып, аны үчүнчү жактарга сатып, белгисиз тарапка качып кеткенин билдирген.

Бул факты боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш ишин козгогон. 1997-жылы туулган Г.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Автомашина айып токтотуучу жайга киргизилди.

Photo 317927

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого тиешеси аныкталууда. Бул сыяктуу кылмыш ишинен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар 0509100188, 0500030200, 0557045102, 0312544184, 0312544116 же 102 кыска номери боюнча кайрыла алышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18