15:40, 28 декабря 2023, 24.kg

Бишкекте жаңы автобус каттамы ачылат

29-декабрдан баштап № 146 жаңы муниципалдык автобус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме II Элдик курултайда президент Садыр Жапаров Ош базарын, Батыш жана Чыгыш автобекеттерин шаардын сыртына көчүрүү тууралуу билдиргенин белгиледи.

 Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишинде (Аламүдүн району) Чыгыш автобекетин шаардын сыртына көчүрүү максатында Бишкек автобекети («Бишкек автобекети» МИ) уюштурулду. 

Каттамдын баштапкы аялдамасы «Бишкек автобекети» (Алма-Ата — айланма жол көчөлөрүнүн кесилиши), акыркы аялдамасы Чоң-Арык айылы болот. Каттам Аламүдүн жана Орто-Сай базарларын камтыйт.

Photo 317876

25 автобус чыгып, кыймыл аралыгы 8-10 мүнөт болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18