09:20, 28 декабря 2023, 24.kg

Кыргызстандын жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

28-декабрдан 30-декабрга чейин жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чапчыма, Кызыл-Бел ашууларында, ошондой эле Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

«Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Алыскы жолго чыгууда күрөк, дөңгөлөк чынжырын, дары-дармек, ысык суу жана азык алууну унутпаңыз. Кырсык катталганда же унаа жолдорундагы абалды билүү үчүн 112 номерине байланышыңыз», — деп эскертет ӨКМ.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18