17:34, 27 декабря 2023, 24.kg

Ошто адам уурдоо боюнча 2021-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды

Ош облусунун Өзгөн районунда адам уурдоо боюнча 2021-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын пресс-борбору билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, 2020-жылдын декабрь айында О.Б.Н. аттуу жаран жана уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү Баткен районунун тургуну Х.А.М.дан 20 миң доллар талап кылышкан.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Х.А.М.ды уурдап салып кеткен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа аныкталып, УКМКнын унааны токтотуу боюнча мыйзамдуу талаптарына уурулар тарабынан каршылык көрсөтүлгөн. Жогоруда аталган О.Б.Н. качып кетүүгө үлгүрүп, издөөгө алынган», — деп айтылат маалыматта.

Көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, 23-декабрда кармалды. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул топтун башка кылмыш иштерин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18