14:55, 27 декабря 2023, 24.kg

Индияда операция жасатуу үчүн барган өзбекстандык 16 миң долларын уурдатты

Индиянын Гургаон (Гуруграм) шаарында полициянын формасын кийген адамдар өзбек жарандарынын 16 миң долларын уурдап кетишти. Бул тууралуу «Дунё» басылмасы индиялык ЖМКларга шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, өткөн ишемби күнү кечки тогуздарда мейманкага кайтып келаткан үч бир тууганды полиция формасын кийген адамдар токтотуп, документтерин көрсөтүүнү талап кылышкан. Сумкаларын текшерип жатып алар өзбекстандыктардын 16 миң долларын алып, качып кетишкен.

Индияга бөйрөк алмаштыруу операциясын жасатуу үчүн барган бир туугандардын бири жергиликтүү полиция бөлүмүнө арыз менен кайрылды.

«Өздөрүн полиция кызматкери деп тааныштырып, кызматтык күбөлүктөрүн көрсөткөн адамдар биздин сумкабызды текшерүү керек экенин айтышкан», — деди ал.

Учурда бул иш боюнча Гуруграм шаардык полициясы тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Өзбекстандын Индиядагы элчилиги бул өлкөнүн тиешелүү мекемелери менен расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абалды өз көзөмөлүнө алды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18