11:54, 27 декабря 2023, 24.kg

«Жыргалаң» курортунун куруучуларына беш айдан бери айлык бериле элек

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы реконструкцияланган «Жыргалаң» санаторийинин жумушчулары айлыктарын ала албай жатышканын билдиришти. Алардын кайрылуусун Facebook колдонуучу Бакмурат Токтогулов өз баракчасына жарыялады.

Куруучулар президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, жаздан бери коттедждердин астына бетон куюп иштеп, айлык акыларын албай жатышканын айтышты.

Жумушчулардын алдындагы карыздын жалпы суммасы 5 миллион сомдун тегерегинде экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, 10-сентябрда президент Садыр Жапаров реконструкциядан кийин санаторийге барган. Эс алуу жайын капиталдык реконструкциялоого жана курууга 150 миллион сомго жакын каражат жумшалган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18