11:02, 27 декабря 2023, 24.kg

Садыр Жапаров КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты

Photo 317628

Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Бейформал жолугушуу «Павловск» музейинде коруктун белгилүү сарай-сейил бак комплекстерин кыдыруу менен башталды. Лидерлер «Царское село» жана Петергофто болушту.

Тааныштыруучу экскурсияга Россиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышты.

Андан кийин КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Константинов сарайына барышты. Владимир Путин куттуктоо сөзүн айтып, Санкт-Петербургга жаңы жыл алдындагы салттуу бейформал жолугушууга келишкени үчүн ыраазычылык билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18