10:29, 27 декабря 2023, 24.kg

Белгилүү актер Жеки Чан ооруканага жаткырылды. Абалы оор

Белгилүү Кытай актеру Жеки Чан 25-декабрда Шанхайдагы «Лин Шань» ооруканасына жаткырылган. Бул тууралуу «РБК-Украина» билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, дарыгерлер актердун абалын оор деп баалап, ага бардык керектүү жардамды көрсөтүп жатышат. Актер учурда 69 жашта.

ЖМКларда белгиленгендей, Жеки Чандын ооруканага жаткырылганы тууралуу жаңылыктар Кытайдын социалдык тармактарынан активдүү өчүрүлүп, бул тууралуу кабарлаган аккаунттар бөгөттөлүп жатат.

Азырынча актердун абалы тууралуу расмий маалымат жок. Жеки Чандын жакындары жана достору да анын ден соолугу тууралуу комментарий бере элек.

Балкандагы съемка учурунда актер баш мээсинен жаракат алып, ага оор операция жасалганы тууралуу да маалыматтар бар.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18