17:24, 26 декабря 2023, 24.kg

Жоламан Шаршенбеков: кээ бирөөлөр менин жеке оюмду бурмалап жаткандыгы өкүнүчтүү

Балбан Жоламан Шаршенбеков Instagram баракчасына пост жарыялап, ар бир жаран өз оюн айтууга укуктуу экенин белгиледи.

Photo 317548

Анын айтымында, ал дүйнө жүзүнө Кыргызстандын туусун таанытуу үчүн болгон күчүн жумшайт. Спортчу ошондой эле профессионалдык спорт менен гана алектенип, эч кандай саясий иштерге аралашпай турганын белгиледи. «Бирок ошол эле учурда кээ бир адамдар менин жеке пикиримди, оюмду бурмалап жаткандыгы өкүнүчтүү», — деди ал.

Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Кыргызстандын желегин өзгөртүүгө каршы экенин айтып, алдыдагы мелдештерде мурдагы тууну көтөрүп чыгарын билдирген. Ага УКМКнын төрагасы: «Мамлекеттик туусуз бир дагы спортчу эч кандай расмий мелдешке катышууга укугу жок!» — деп жооп берген.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда карап, талкуусуз кабыл алган. 59 депутат макул, 5 депутат каршы добуш берген. Мыйзамга президент кол койду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18