Жалал-Абадда 14 жаштагы мектеп окуучусу бычакталды
Жалал-Абад шаардагы № 8 орто мектептин короосунда эки окуучунун ортосунда жаңжал чыгып, 14 жаштагы бала бычактан жараат алды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Натыйжада жабырлануучу Х.Г. Жалал-Абад облустук балдар клиникасына кайрылып, жардам алгандан кийин үйүнө жиберилген.
Маалыматта белгиленгендей, жараат алган баланын ата-энеси эч кимге доосу жок экендигин билдирип, арыз жазуудан баш тартышкан. Анын себеби өз ара келишип алуу деп кошумчаланды.