14:40, 26 декабря 2023, 24.kg

Жаңы жылдык майрамдарда 10 миңдей укук коргоо кызматкери коопсуздукту камсыздайт

Жаңы жылдык майрамдарда 10 миңден ашуун укук коргоо кызматкери коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Акылбек Жапаров билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын гарнизондук саптык тизимине катышты.

«Ар бир милиция бөлүмдөрүнө атайын камералар орнотулуп, катардагы кызматкерлерге төш-камералары берилди. Ар бир жарандын коопсуздугун камсыздоо үчүн санариптик технологиялар киргизилди. Акыркы 2 жылда 300дөн ашуун автотранспорт сатып алынып, ар бир райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндөгү унаалар жаңыланды. Бүгүнкү күндө 36 жаңы унаа Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди, жакынкы аралыкта дагы 50 жаңы унаа келет», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылып, жумушка ак ниет жана толук жоопкерчилик менен мамиле кылууну суранды.

«Өлкөбүздүн жарандары өздөрүн толук коопсуз сезиши керек», — деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18