Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Өзбекстанга 1:4 эсебинде утулуп калды
Кыргызстандын курама командасы Өзбекстандын командасына утулуп калды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу Facebook баракчасында билдирди.
Эсеп 1: 4 менен жыйынтыкталды. Кыргызстандын курамасында голду Бахтияр Дүйшөбеков киргизди.
Машыгуу мүнөзүндөгү оюн командаларды Азия Кубогуна даярдоо максатында өткөрүлдү.
Кийинки беттешти Кыргызстандын курамасы 30-декабрда Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен өткөрөт.