13:38, 26 декабря 2023, 24.kg

Ош шаарындагы № 25 абакта тыюу салынган буюмдар табылды

Оштогу Жазаларды аткаруу кызматынын № 25 мекемесинде пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө тыюу салынган буюмдар табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айрым камераларда 17 даана уюлдук телефон, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылып, алынган.

Тыюу салынган буюмдарды эркин алып жүрүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттер мекеменин мурдагы жетекчисинин макулдугу менен жүргүзүлүп, көрсөтүлгөн коргоо үчүн соттолгондордон системалуу түрдө пара алып турган.

Учурда УКМК абактын мурдагы жетекчиси жана башка тиешеси бар адамдардын кылмыш иштери боюнча тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18