11:40, 26 декабря 2023, 24.kg

Жаңы жыл түнү автобустар жана троллейбустар каттайт

Жаңы жылдык иш-чаралардан кийин 1-январда саат 00:30дан баштап борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн Ала-Тоо аянтынан автобус каттамдары жүрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, транспорт төмөнкү маршруттук каттамдар боюнча каттайт:

  • «Ала-Тоо» аянты — «Рухий Мурас» конушу;
  • «Ала-Тоо» аянты — «Көк-Жар» конушу;
  • «Ала-Тоо» аянты — 12 кичи район;
  • «Ала-Тоо» аянты — Чоң-Арык;
  • «Ала-Тоо» аянты — «Совмин» шаарчасы;
  • «Ала-Тоо» аянты — «Арча Бешик» конушу;
  • «Ала-Тоо» аянты — «Ак-Ордо» конушу;
  • «Ала-Тоо» аянты — «Ала-Тоо» конушу;
  • «Ала-Тоо» аянты — «Ак-босого» конушу;
  • «Ала-Тоо» аянты — «Бакай-Ата» конушу;
  • «Ала-Тоо» аянты — «Энесай» конушу;
  • «Ала-Тоо» аянты — Аламүдүн-1 кичи району.

Ошондой эле учурдагы троллейбустук каттамдар саат 00:30дан 01:30га чейин Киев көчөсү менен жүрөт.

Кошумча суроолор боюнча ишеним телефону: +996 505 192 619.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18