10:39, 26 декабря 2023, 24.kg

Бишкектин борбордук бөлүгүндө үч күнгө транспорт кыймылына чектөө киргизилет

30-декабрдан 2024-жылдын 1-январына чейин Бишкектин борбордук бөлүгүндө жол кыймылы, ошондой эле унаа токтотуу эрежелери чектелет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

  • Чүй проспектиси (Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин) 30-декабрда саат 14:00дөн 1-январь саат 07:00гө чейин жабылат.
  • Киев көчөсү (Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин) 31-декабрда саат 14:00дөн 1-январь саат 07:00гө чейин жеке транспорт үчүн жабылат. Кирүү коомдук транспорт үчүн гана болот.
30-декабрда саат 14.00дөн 1-январь саат 07.00гө чейин Панфилов көчөсү (Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин) эки тараптуу болот.

30-декабрында саат 14.00дөн 1-январь саат 07.00гө чейин Эркиндик бульварында (Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин) эки тарапка тең унаа токтотууга тыюу салынат.

Ошондой эле жаңы жылды майрамдоо учурунда шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болушу үчүн атайын унаа токтотуучу жайлар белгиленген:

  • Жогорку Кеңештин имаратынын түндүк жана батыш тарабы.
  • Раззаков, Орозбеков, Панфилов көчөлөрүнүн Киев жана Токтогул менен кесилишинде.

Photo 317438

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18