10:13, 26 декабря 2023, 24.kg

20 миңден ашык электрондук убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары берилди

Бүгүнкү күндө 20 миңден ашык убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары электрондук форматта түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, санарип убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары юридикалык күчкө ээ.

«Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы жөнүндө санариптик маалымкат — бул саламаттык сактоо уюмдары кагаз жүзүндө берген, азыр атайын маалыматтык системанын жардамы менен толтурулат, өткөрүлүп берилет жана сакталат», — беп билдирди мекеме.

Ооруга байланыштуу өргүүнү алуу үчүн portal.tunduk.kg порталына же Tunduk мобилдик тиркемесине кирип, андан соң «Ден соолук» бөлүмүнө өтүп, «Эмгекке жарамсыздык баракчасын» тандоо керек.

Маалымат системасы маалыматты коргоо жана анын купуялуулугун сактоо үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылат. Кызматкердин диагнозу жөнүндө маалымат иш берүүчүгө берилбейт, документти берүү себептери гана (оору, кош бойлуулук жана төрөт, карантин, жаракат алуу жана кырсык, кесиптик оору, бейтапты кароо) көрсөтүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18