17:30, 25 декабря 2023, 24.kg

Жалал-Абадда мектептин 375 орундуу жаңы корпусу ачылды

Жалал-Абад шаарындагы № 1 Бабкин атындагы орто мектебинин 375 орундуу жаңы корпусунун ачылыш аземи болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага катышкан Акылбек Жапаров быйыл 130га жакын мектеп курулуп, анын ичинен Жалал-Абад облусунда эле 28 мектеп пайдаланууга берилгенин билдирди.

«Президентибиздин тапшырмасы менен биз быйыл Жалал-Абад шаарына 2 миллиард сом бердик. Мага алып келген пландагы курулуштар 90-100 пайыз бүтүү процессине келди. Шаардын ондогон көчөлөрү асфальтталды, жарыктар коюлду, тротуарлар, веложолдор, жол жээгиндеги арыктар жасалды. Шаарга 112 миллион сомдук асфальт-бетон заводу курулду. Эми шаар ичи-сырты толугу менен асфальтталат» — деди Акылбек Жапаров.

Маалыматта белгиленгендей, мектептин кошумча имаратын куруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 59 миллион 308 миң сом сарпталган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18