16:14, 25 декабря 2023, 24.kg

Кыргызстанда күрөөканалардын иши текшериле баштайт

Кыргызстанда күрөөканалардын иши текшерилет. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Москва райондук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Камчыбек Ташиев коопсуздук кызматкерлерине 2023-жылдын акыркы чоң тапшырмаларынын бири катары күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу талабын койду.

Насыяга акча берүүчү күрөөканалардын кызматтарын карапайым адамдар пайдаланып, алардын жогорку пайыздык үстөк кошууларын төлөй албай турак жайынан, мал-мүлкүнөн ажырап жаткандыгы айтылды.

«Андыктан төрага Улуттук банкты өлкөдөгү күрөөканалардын ишмердүүлүгүн лицензия боюнча текшерүүгө чакырып, ар бир күрөөкана үстөк пайызын 30 пайыздан ашырбоосу керектигин билгиледи. Талапка баш ийбеген күрөөкана ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18