16:02, 25 декабря 2023, 24.kg

УКМКнын райондук башкармалыгынын дагы бир жаңы имараты ачылды

Камчыбек Ташиев УКМКнын райондук башкармалыгынын дагы бир жаңы имаратын ачты. Бул жолу Москва районунда. Маалыматты мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана толугу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон эмеректер менен жабдылган.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө УКМКнын кызматкерлерине кайрылып, мамлекеттин коопсуздугу үчүн жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи.

Аны менен катар төрага өлкө аймагындагы ири жана чакан базарларда ижара акылары 30 пайыздан 50 пайызга чейин төмөндөтүлгөнүн билдирди. Бирок базарлардагы шарттар канааттандырарлык эмес экени айтылып, ички башаламандыктарды жоюу, соодагерлерге керектүү шарттарды түзүп берүү жана инфраструктураны жакшыртуу талабы күчүндө тургандыгы белгиленди.

Ошондой эле УКМК төрагасы мыйзамсыз интимдик кызмат көрсөтүүчү жайлардын ишин бөгөттөө боюнча оор иштер жүрүп жаткандыгын, анын алкагында жакында эле Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын 8-шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси жана акими жумуштан алынып, онго жакын милиция кызматкерлерине, мэрия жана УКМКнын айрым кызматкерлерине катуу чаралар көрүлгөнүн маалымдады.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18