15:11, 25 декабря 2023, 24.kg

Сузак районунда тергөө абагынын жаңы имараты ачылды

Photo 317344

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сузак районундагы № 53 тергөө абагынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров изолятор Жалал-Абаддан Сузак районуна көчүрүлгөнүн белгиледи.

«Жазаларды аткаруу тутумунда масштабдуу өзгөрүүлөр бар: шаарлардагы түзөтүү мекемелери алардын сыртына чыгарылат. Бошотулган шаардык инфраструктура административдик имараттарды, скверлерди жана турак жайларды куруу үчүн колдонулат», — деди ал.

Ал аялдар жана жашы жете электер кармалган № 53 тергөө абагынын абалы талапка жооп бербегенин белгиледи.

Жаңы имарат 364 миллион сомго курулду.

Акылбек Жапаров Жалал- Абаддагы Жазаларды аткаруу кызматынын № 10 түзөтүү мекемеси жана кайтаруу, күзөтүү департаментинин № 5 батальонунун имараттарын бузуу иштери менен таанышты.

Алардын ордуна административдик имараттар жана сквер курулат.

Photo 317348

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18