14:49, 25 декабря 2023, 24.kg

Садыр Жапаров Чехиянын президентине көңүл айтты

Садыр Жапаров Прагада болгон трагедияга байланыштуу Чехиянын президенти Петр Павелге көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кыматы билдирди.

«Прага шаарындагы Карлов университетинде ок атуунун кесепетинен адамдар каза болуп, жаракат алгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана чех элине көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетишин тилейм», — деп айтылат телеграммада.

Эске салсак, 24 жаштагы студент Давид Козак окуу жайга мылтык менен келип, элге ок чыгарган. Кеминде 15 адам каза болуп, 20дан ашыгы жаракат алган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18