14:05, 25 декабря 2023, 24.kg

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын байгелерин ойнотуу башталды

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотуу башталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Утуш 30-декабрга чейин улантылат. 25-декабрдан 30-декабрга чейин 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Dyson маркасындагы 21 фен ойнотулат.

Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы 13.00дө.

Ал эми 30-декабрда 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат.

Утуштар саат 15.00дө УТРК жана Ала-Тоо24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18