10:59, 25 декабря 2023, 24.kg

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна таандык курал-жарак сакталган жай табылды

Photo 317287

Аламүдүн районунун аймагынан курал-жарактарды сактоочу жай табылды. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы Арашан айылында жайгашкан көрүстөндүн мүрзө таштарынын биринен эки боз полипропилен баштык табылган. Баштыкты текшерүү учурунда ок атуучу куралдар, ар кандай калибрдеги тапанчалар, Калашников автоматы, кесилген жылмакай куралдар, ок-дарылары менен жана жардыргыч заттар алынды.

Аталган курал-жарактар тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт.

«Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары, ошондой эле Кыргызстандын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жасалган келишимдик жана бети ачылбаган адам өлтүрүүлөрдө пайдалануу болгондугу боюнча керектүү ыкчам издөө иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18