09:39, 25 декабря 2023, 24.kg

Автобустарда жана троллейбустарда автоматташтырылган үн системасы орнотулат

Автобустарда жана троллейбустарда автоматташтырылган үн системасы орнотулат. Мындай тапшырманы Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев берди.

Мэриянын маалыматына караганда, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин кеңешинин жыйынында аялдамаларды жана каттамдардын номерлерин эскертүүчү автоматташтырылган үн системасын орнотуу талкууланды.

Калаа башчысы райондук мамлекеттик администрациялардын акимдерине жана шаардык кызматтардын жетекчилерине «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерди күчөтүүнү тапшырды.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18