17:59, 21 декабря 2023, 24.kg

Өлкөгө Тажикстандан аткезчилик жол менен спирт ташыгандар кармалды

Чүй облусунда Тажикстандан аткезчилик жол менен ташылып келген спирттен жасалма арактарды даярдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында шектүүлөр жасалма спирт ичимдиктерин жасоо менен алектенген сактоочу жайды ижарага алышкандыгы аныкталды.

«Тинтүү жүргүзүү учурунда аткезчилик жол менен даярдалган 1 миң 783 даана беш литрлик бөтөлкөдөгү спирт (8 тонна 895 литр), арак жасоочу эки станок, ичинде жасалма арак куюлган 100 граммдык стакандар салынган 50 куту, жана 2 миң акциздик маркалар жана дары-дармектер табылган. Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү катары Чүй облусунун беш тургуну жана аталган кылмыштуу топтун уюштуруучусу кармалды.

Кармалган жарандар тергөө абагына киргизилди. Учурда кылмыштуу топтун калган катышуучуларын кармоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18